• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Суу районунда жеке ишкерлер 2 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам берди

Аймак 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Кара-Суу районунда жеке ишкерлер 2 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам берди. Бул тууралуу Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов билдирди.

Анын айтымында, Кара-Сууда 443 аз камсыз болгон үй-бүлөгө мамлекет тарабынан 80 тонна ун бөлүнгөн. "Жакынкы күндөрдө дагы резервдик фонддон жардам келет. Биз 279 жеке ишкер менен жардам көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. 66 жеке ишкер 1 миң 857 үй-бүлөгө жардам берди. Ошондой эле айылдарда жардам берүү боюнча штабдар түзүлгөн", - дейт ал.

Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев белгилегендей, Ноокатка мамлекет тарабынан 150 тонна ун келген. "Айыл башчылар, демилгелүү топтор менен сүйлөшүүлөр болгон. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн жардам аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген. Күнүмдүк иштеп акча тапкан үй-бүлөлөргө да жардам берилүүдө", - деп кошумчалады аким.

Пикир

Оставить комментарий