• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кара-Суу районундагы эки ооруканага тез жардам унаасы тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Кара-Суу районундагы эки ооруканага тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман аймактык ооруканасына жана Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалына чет өлкөдө иштеген мигранттардын демөөрчүлүгү менен 2 тез жардам унаасы белеке берилди.

“Демөөрчүлөр, кайрымдуулук ишиңиздерди жараткан колдосун. Кара-Суу районунун элинин атынан ыраазычылык билдиребиз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий