• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Суу районундагы угуусу-көрүүсү начар үй-интернатынын бүтүрүүчүлөрү Ошто эс алышты

Аймак 0

Ош, 15.05.18. /Кабар/. Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан Кара-Суу районундагы угуусу-көрүүсү начар үй-интернатынын бүтүрүүчүлөрү үчүн бир күндүк эс алуу уюштурулду. “Жаштар биздин байлыгыбыз жана келечегибиз” аттуу акцияга жалпысынан 40 бүтүрүүчү катышты.

Акциянын алкагында интернаттын бүтүрүүчүлөрү оюн-зоок программаларга катышып, Ош шаарындагы бир нече эс алуу жайларга барышып, Навои атындагы паркта аттракциондорго ойноп, ошондой эле, шаардык зоопаркка түшүп жан-жаныбарларды көрүп кайтышты.

Мындан тышкары угуусу-көрүүсү начар үй-интернатынын бүтүрүүчүлөрү үчүн сый-тамак уюштурулуп, таттуулар таратылды.

Пикир

Оставить комментарий