Кара-Суу районунун борбордук базары өрт коопсуздук талаптарына жооп бербейт

Аймак 0

Бишкек, 14.12.17 /Кабар/. Ош облусунда жайгашкан Кара-Суу районунун борбордук базары өрт коопсуздук талаптарына толук кандуу жооп бербейт. Бул тууралуу Мамэкотехинспекция, Кара-Суу райондук ӨКМ, Архитектура жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жүргүзүлгөн текшерүүдө анык болду. Ага ылайык, Мамэкотехинспекциянын өрт коопсуздук кызматкерлери тарабынан баш аламан жайгашкан соода күркөлөр, контейнерлер өрт өчүрүүчү атайын унаанын базардын ичине кирип, чыгуусуна жолтоо болоору тастыкталган.

Ошондой эле, Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, базардын ичиндеги суу алуучу гидранттардын абалынын начардыгы, айрым кичи базарларда такыр еле жок болуп чыкты. Инспекторлордун айтымында, базардын айланасында соода жайга тиешеси жок баш аламан курулуштар тоскоолдук кылып жатат. Кокус, күтүүсүз өрт же башка чукул кырдаалдар катталса, өрттү өчүрүүчү унаа өз учурунда кире албай, кырсыктарды жоюу татаалдашып кетиши толук ыктымал. Буга байланыштуу Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу району боюнча башчысы Рысбек Юсупов тарабынан Кара-Суу базарынын жетекчилине, Архитектура кызматкерлерине тез арада баш аламандыкты жараткан базарды ирээтке келтирип, соода жайдын коопсуздугун долбоордо кандай каралса, көрсөтүлгөн тартипке келтирүүсүн буйруду.

"Жогоруда көрсөтүлгөндөй, Мамэкотехинспекциянын талаптарын өз убагында аткарбагандыгы үчүн Кара-Суу базарынын элерине 195 000 сом айып салынды. Тагыраак айтканда, инспекторлор тарабынан Кара-Суу базарын текшерүү учурунда баш аламан соода күркөлөр, контейнерлер жана долбоордон сырткары курулуштар жайгашкандыгы аныкталган. Буга чейин Мамэкотехинспекция тарабынан өткөрүлгөн машыгууларда баш аламан жайгашкан курулуштардан улам, өрт өчүрүүчү унаалардын Кара-Суу базарына кирип чыгуусу мүмкүн болбой калганы белгиленген. Ошондой эле энергетикалык, өрт, курулуш коопсуздугу боюнча олуттуу кемчиликтер аныкталган. Жеринде инспекторлор кемчиликтерди жокко чыгаруу боюнча Кара-Суу базарынын жетекчилигине эскертүүлөрдү беришкен. Бирок, Мамэкотехинспекциянын койгон талаптары бүгүнкү күндө толук кандуу аткарыла элек. Учурда Мамэкотехинспекциянын көрсөтмөсүнүн негезинде 100 контейнер жылдырылды. 31 кичи базар ээлерине курулуштарды, контейнерлерди тез арада ирээтке келтирип, долбоордон сырткары жайгашкан курулуштарды буздуруу талабы коюлду. Ал эми буга чейинки Инспекциянын талаптарын өз убагында аткарбай, шалаакылык менен мамиле жасаган Кара-Суу базарынын жетекчилигине 195 000 сом айып салынып, бүгүнкү күндө толугу менен өндүрүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий