• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кара-Суу районунун эки айылын таза суу менен камсыздоо боюнча иштер жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Чайчи жана Алп-Ордо айылын таза суу менен камсыздоо боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Кара-Суу райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) эсебинен Кара-Суу районунун Чайчи жана Алп-Ордо айылдарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүп жатат. Эки айылдын тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылууга жергиликтүү тургундар өздөрү да салым кошууда.

Пикир

Оставить комментарий