• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Суу районунда турак үйдө өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/.Кара-Суу районунда турак үйдө өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 13-сентябрь күнү саат 13:27 чамасында Ош облусунда Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагындагы Имам-Ата айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 45 чарчы метр чатыры күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий