• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Суу районунун орто мектептеринин окуучуларына “Жарандык коргонуу күнү” өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 16.04.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 11-12-13-апрель күндөрү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу №79-Чолпон, Ч. Айтматов, Таджиматов жана Мирзаджанов атындагы орто мектептеринин окуучуларына “Жарандык коргонуу күнү” өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

КР ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын машыгуу талаасына мектептердин 10-11-класстардын окуучуларын алып барылып, ал жерде алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, өзгөчө кырдаал учурунда ар кандай тоскоолдуктардан ыкчам аракетте чыгуу, автоматты чачуу-жыйноо боюнча практика жүзүндө көргөзүлдү.

КР ӨКМдин Жарандык коргонуунун адистерди даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аймактык кафедра башчысы тарабынан мектептерде Жарандык коргонуу жаатындагы документтери такталып, машыгуунун өткөрүү тартиби жана Жарандык коргонуу документтери боюнча презентациялар көрсөтүлүп, керектүү материалдар “үлгү” катарында берилген.

Пикир

Оставить комментарий