• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Суу районунун жаштары аймактык ооруканага жана Үй-бүлөлүк медицина борборуна тез жардам унааларын берди

Аймак 0

Бишкек, 24.08.20 /Кабар/. Ош облусундагы Кара-Суу районунун жаштары аймактык ооруканага жана Үй-бүлөлүк медицина борборуна тез жардам унааларын берди. Бул тууралуу Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-августта Кара-Суу районунун аймагында 1983-жылы туулган жаштар райондук аймактык ооруканага жана райондук Үй-бүлөлүк медицина борборуна тез жардам унааларын белек кылышты.

Өз кезегинде, оорукананын жана Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилиги жана жамааты жаштарга ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий