• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Суу шаарынын мэри болуп Адыл Лолобаев шайланды

Аймак 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-июлда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо ѳттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы билдирет.

Кара-Суу шаарынын мэринин кызмат ордуна 1 талапкер – Кара-Суу райондук кеңешиндеги КСДП фракциясынын ѳкүлү Лолобаев Адыл Манасович катталган.

Мэрди шайлоого Кара-Суу шаардык кеңешинин 30 депутаты катышты. Бир депутат катышкан жок. Жыйынтыгында талапкер А.М.Лолобаев 30 добуш алды.

Шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколго ылайык Лолобаев Адыл Манасович Кара-Суу шаарынын шайланган мэри деп табылды.

Пикир

Оставить комментарий