• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо санитардык эрежелерди сактоо менен өтүүдө - БШК

Аймак 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-июлда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо ѳтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы билдирет.

Кара-Суу шаарынын мэринин кызмат ордуна 1 талапкер – Кара-Суу райондук кеңешиндеги КСДП фракциясынын ѳкүлү Лолобаев Адыл Манасович катталган.

Маалымат иретинде: Кара-Суу шаарынын мэри берген арызынын негизинде 2020-жылдын 4-мартында ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШКнын 2020-жылдын 6-мартындагы токтомуна ылайык шаардын жаңы мэрин шайлоо 2020-жылдын 25-мартына дайындалган.

Коронавируз пандемиясынан (COVID-19) улам ѳзгѳчѳ кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу шайлоолор 2020-жылдын 23-мартында токтотула турган.

КР БШК 2020-жылдын 26-июнундагы токтомуна ылайык токтотула турган ЖӨАБ башчыларын шайлоо 2020-жылдын 29-июнунан тартып кайра жандандырылган, ал эми добуш берүү күнү 1-июль аныкталган, анткени шайлоолор токтотула турган күндѳн алар аяктаганга чейин эки күндүк мѳѳнѳт калган.

«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» КР Мыйзамына ылайык шаардын мэрин шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жүргүзүлѳт.

Кара-Суу шаардык кеңешинде 31 депутат бар. Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелинет.

Шайлоо Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан ѳткѳрүлүүдө.

БШКнын токтомуна ылайык жергиликтүү мамлекеттик орган жана ЖӨАБ органы менен бирдикте Кара-Суу АШК тарабынан эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун сактоону камсыз кылуу үчүн тѳмѳндѳгү чаралар кабыл алынган:

- шайлоонун алдында добуш берүү үчүн орун-жайлар, ошондой эле бардык үстүнкү беттери толук түрдѳ дезинфекцияланган,

- шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосунда 1,5-2 метрлик аралыктарды сактоо үчүн белгилер коюлган. Шайлоого 31 депутат катышарын эске алуу менен, ал эми жол-жободо 3 саат аралыгында добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралгандыгынан улам, аралыктарда да жана убакыттарда да катышуучуларды дистанциялоо үчүн мүмкүнчүлүктѳр бар.

- добуш берүү үчүн жайдын кире беришинде жана бюллетендерди берүүчү жерде санитайзерлер коюлган, ал эми кире бергенде контаксыз термометр менен дене табы ѳлчѳнѳт.

- алгоритмге ылайык шайлоонун бардык катышуучуларына АШК тарабынан жеке коргоо каражаттары – бир жолку беткап жана колкап берилген,

- бүткүл шайлоо процессинен жүрүшүндѳ материалдарды жана предметтерди дезинфекциялоо жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий