• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Суу суусуна "Хонда Фит" унаасы түшүп кетип, айдоочу жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 374-чакырымындагы (Капчыгай тилкеси) Кара-Суу суусуна жеңил унаа түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаарындагы Кара-Суу суусуна "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу тартылган. Унаанын 28 жаштагы С.Б., аттуу айдоочусу жеңил жаракат алып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий