• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Суу жана Манас райондорунда турак үйдө өрт чыкты

Аймак 0

Бишкек, 23.06.10 /Кабар/. Кара-Суу жана Манас райондорунда турак үйдө өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылынын Маразыков көчөсүндө турак үйдүн 70 чарчы метр чатыры күйгөн.

Ошондой эле Талас облусунун Манас районундагы Покровка айылынын Чойбекова көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 30 чарчы метр бөлмөсү күйгөн.

Учурда өрттүн себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий