• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кара-Сууда 10,5 миң долларлык унааны ээлеп алган жаран кармалды. Ал мурун 9 жолу соттолгон

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда 10,5 миң долларлык унааны ээлеп алган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер органдарына Кара-Суу районунун жашоочусу унаа сатууга байланышкан алдамчылык аракеттер боюнча мыйзам чегинде чара көрүү үчүн арыз менен кайрылган. 2020-жылдын жазында бейтааныш жаран жабырлануучунун ишенимине кирип, баасы 10 миң 500 АКШ доллары турган унаасын ээлеп алган. Кийин унааны ал башка жаранга сатып жиберген.

Аталган факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Ош шаарынын аймагынан 1980-жылы туулган А.Ч. кармалып, тергөө органдарына жеткирилди.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, кармалган жаран мурда тогуз жолу соттолгон.

Пикир

Оставить комментарий