• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Сууда 10 адам тамак-ашка ууланып ооруканага жаткырылды, экөөнүн абалы начар

Ден соолук 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда 10 адам тамак-ашка ууланып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ооруларды алдын алуу мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин алдын ала маалыматы боюнча, 9-мартта Кара-Суу районунда ботулизм диагнозу менен 10 адам катталды. Алар үйдө жасалган консерваланган азыктарды (салат, компот, кыям) жешкен.

"Нариман айылынын 10 тургуну баш, ич оору, кусуу, ооз кургоо жана жутууда тамактын ооруп жатканын айтып кайрылган. Алар дароо стационардык дарыланууга жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө эки бейтап Ош облустар аралык оорукананын жана Наримандагы оорукананын реанимация бөлүмүндө, калган 8 бейтап Кара-Суу аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланууда", - деп айтылат маалыматта.

Эпидемиологиялык изилдөөнүн жүрүшүндө бардык жабыркагандар 6-мартта 60ка чыккан тууганынын үйүндө конокто болгон. Оорунун белгилери 7-мартта байкала баштаган, бирок жабыркагандар ооруканага барбай үйдө дарыланган. 9-мартта гана ооруканага кайрылышкан.

Санитардык-эпидемиологиялык изилдөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий