• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кара-Сууда 13 жашар балага чагылган тийип каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 13 жашар балага чагылган тийип каза болду. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя 21-июлда кечинде Сарай айыл аймагына караштуу Миялы айылында болгон.

"Кара-Суу метеостанциясынын билдирүүсү боюнча, кечки саат 18:45те күн күркүрөп, саат 21:40ка чейин уланган. Прогноз боюнча Ош облусунда көпчүлүк аймактарда жаан жаап күн күркүрөшү күтүлөт деп берилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий