• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кара-Сууда 20 млн сомдук жер тилкелери муниципалитетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан калктуу конуштардын жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен аталган айыл өкмөтүнө караштуу Ташлак айылындагы 10 жер тилкесин жарандарга турак жай куруу үчүн мыйзамсыз бөлүп бергендиги аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 10 жер тилкесине берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу тууралуу прокуратуранын доо арыздары сот тарабынан толугу менен канааттандырылды.

Жогоруда аталган жер тилкелерди муниципалдык менчикке кайтаруу максатында, райондук прокуратура тарабынан Шарк айыл өкмөтүнүн башчысына прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, аны кароонун жыйынтыгы менен 20 млн сомдук 10 жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий