• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Сууда 5 жашар бала сууга чөгүп кетти - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 03.11.18. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылындагы каналга 5 жашар бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-ноябрда ӨКМ кызматына болжол менен саат 17:06лар чамасында 2012-жылы туулган С. А. аттуу бала каналга чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок эч кандай натыйжа болгон эмес. Баланы издөө иштери бүгүн, 3-ноябрда улантылат деп кабарлашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий