• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Сууда 7 жаштагы кызды зордуктаган шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.04.21. /Кабар/. Ош облусунда 7 жаштагы кызды зордуктоого шектүү изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу аймактык ИИБ билдирет.

Маалыматка ылайык, 9-апрелде саат 20:00 чамаларында Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылынын тургуну 7 жаштагы жашы жете элек кыз "Н.А." айыл талаасы аркылуу үйүнө кетип жаткан учурда жашы болжол менен 16-17 курактагы белгисиз жаран тарабынан жыныстык жактан зордукталып, денесинен алган жараатынан улам Ош облустук төрөт үйүнө оор абалда жеткирилген. Бул тууралуу маалымат Ош ОИИБдин Нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн.

Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмүндө каралган (Жашы жете элек кызды зордуктоо) кылмыш белгиси боюнча КЖБРге катталып, кылмыштын бетин ачуу боюнча кечиктирилгис ыкчам иш-чаралар жүргүзүлө баштаган.

Ош ИИБ жетекчиси башынд турган Кара-Суу райондук ИИБдин тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барышып, далил заттар алынган.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө шектүүнүн өздүгү аныкталган. Ал Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылынын жашоочусу 26 жаштагы Н.у.А. болуп чыккан. Милиция кызматкерлери кылмыш изи сууй электе аталган окуяга шектүүнү кармашкан.

Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө жогорудагы өзгөчө оор кылмыш ишти жасагандыгын толугу менен мойнуна алган. Азыркы кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалды. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий