• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Сууда 9 жашар кыз сууга агып кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 14-июль /Кабар/. Кара-Суу районундагы “Савай” суусуна 9 жашар кыздын чөгүп кеткенин ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Кырсык кечээ, 18:00 чамасында Октябрь айылында орун алган. Суу кызды ал ойноп жаткан учурда агызып кеткен.
Куткаруучулар дароо издөө иштерин баштаган, туугандары кыздын денесин саат 10:35де табышкан.
Ошондой эле, Баткен районундагы Саян айылынын тургуну 5-июлда үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес. Буга чейин туугандары аны өздөрү издешкен. 13-июлда ӨКМ кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тоолордо издөө иштерин жүргүзүшкөн. Анткен менен андан жыйынтык чыккан эмес.
Издөө иштери бүгүн, 14-июлда улантылат деп билдирет ӨКМ. Тургунду издөөгө жалпысынан 16 куткаруучу жана 30 жергиликтүү тургун тартылган.

Пикир

Оставить комментарий