• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Сууда 98 млн сомго курулган мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Ош, 16.10.19 /Кабар/.10-октябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун Калинин айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Мектептин курулушуна 98 млн сом сарпталып, каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Мектеп 550 орунга ылайыкталган.

Белгилей кетсек, окуу жылы башталгандан бери Кара-Суу районунда 4 жаңы мектеп пайдаланууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий