• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Сууда ачылган футбол аянтчасына окко учкан чек арачы Мирлан Ниязовдун ысымы ыйгарылды

Аймак 0

Бишкек, 20.03.23./Кабар/. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Бирлешкен айылында футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Футбол аянтчасынын курулушу жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлгөн.

Аянтчага 2022-жылы Баткендеги кагылышууда баатырларча курман болгон УКМКнын чек ара заставасызынын 2023 аскер бөлүгүнүн улук мээлөөчүсү, кенже сержант Мирлан Ниязовдун ысымы берилди.

35 жаштагы Мирлан Ниязов 8 жылдан бери аскер кызматкери катары Баткен облусунун "Чарбак" заставасында мээлөөчү оператор болуп эмгектенип келген. Ага "Достук" чек ара бекетинде ок тийип, мойнунун эки жерин тешип кеткен.

Ал 1987-жылы Ош облусундагы Кара-Суу районунун Бирлешкен айылында туулган. Артында бир уул, бир кызы калды.

Пикир

Оставить комментарий