• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кара-Сууда адамды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Кырсык 0

Ош, 05.04.19 /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда адамды өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 29-мартта Кара-Суу РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Жаңы-Маданият айылында жол кырсыгы катталып, бир адам каза болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, 2019-жылдын 29-мартында белгисиз айдоочу саат 21:00дөр чамасында 1958-жылкы А.А., аттуу жаранды сүзүп кеткендигин аныкташкан. Айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Жүргүзүлгөн текшерүү ишинин жыйынтыгында окуяга шектүү катары Катта-Талдык айылынын 1967-жылкы Ч.З., аттуу жашоочусу кармалган.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий