• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Сууда баңгизат сатууну көздөгөн жаран кармалды — УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда баңгизат сатууну көздөгөн жаран кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

УКМК сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу каналын түзгөн тобун аныктады.

“4-сентябрда ыкчам тергөө тобу тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынан бир кг өлчөмдөгү баңгизатты сатууну көздөгөн Ю.Б.У. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды. Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда УКМК тарабынан баңгизаттар менен алектенген башка адамдарды аныктоого, ошондой эле транзиттик жана баңги аткезчилигинин башка каналдарына бөгөт коюуга багытталган ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий