• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кара-Сууда бир катар унаалар техникалык кароодон өтүлбөгөнү аныкталды – Экотехинспекция

Коом 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда бир катар унаалар техникалык кароодон өтүлбөгөнү аныкталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан (Мамэкотехинспекция) билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук суу чарба башкармалыгында пландуу текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө "Шевролет Нива", "Дунфень Пай-EG 3041 GDAC" жана "Форланд B11032y31B3-S" автоунаалары техникалык кароодон өтүлгөн эмес, андан сырткары, "H1-250 BA" мотоцикли бажы биримдигинин талаптарына ылайык шайкештик сертификаты жана маркировкасы жок экендиги аныкталды.

Жогоруда айтылгандардын негизинде Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү унаалардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти жана 1998-жылдын 20-апрелиндеги №52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы аныкталды. Жеринде бузууларды четтетүү боюнча жазуу жүзүндө эскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий