• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Сууда дайынсыз болуп жаткан адамдын сөөгү суудан табылды

Кырсык 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Кара-Сууда дайынсыз болуп жаткан адамдын сөөгү суудан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 6-июль күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айылынын 1967-жылы туулган М.С. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Туугандары өз алдынча издешкенде, жоголгон жарандын бут кийими Куршаб дарыясынын боюнан табылган.

Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында ӨКМден 20 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан табып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий