• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кара-Сууда баңгизат сактоого шектелип эки жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда гашиш жана марихуана сактоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине мурда Кара-Суу районунун айылдарынын биринде атасы менен баласы үйүндө баңгизат жана гранаталарды мыйзамсыз сактап жүрүшөт деген маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-амалдарынын натыйжасында шектүүлөрдүн жашаган үйүнөн кендир жыттанган зат табылып алынган. Мындан тышкары, тинтүү учурунда 2 даана жардыруучу түзүлүш табылып алынган.

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган заттар, салмагы 232,5 грамм марихуана жана 66,9 граммды түзгөн гашиш баңгизаты экендиги аныкталган. Колго жасалган жардыруучу түзүлүш боюнча тиешелүү экспертизалар өткөрүлүүдө.

Кылмыштарды жасоого жакын тууган болгон 52 жаштагы С.И. жана 33 жаштагы С.М. аттуу жарандар шектелүүдө.

Шектүү катары кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Жазык кодексинин 268, 253-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий