• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Сууда ири өрт кырсыгы катталып, турак жай жана төрт кампа күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Кара-Сууда ири өрт кырсыгы катталып, турак жай жана төрт кампа күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-майда саат 13:58 чамасында Ош облусундагы Кара-Суу шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан.

Өрттүн кесепетинен турак үй жана 4 картон сактоочу кампа толугу менен күйгөн. Өрттүн жалпы аянты 1044 чарчы метрди түзөт.

Тилсиз жоону өчүрүүгө ӨКМден 3 бөлүм, ыкчам топ, суу ташуучу унаа, 20 милиция кызматкери, шаардык мэриядан 4 кызматкер тарылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:05те чектөөгө алынып, саат 20:43тө толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий