• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Сууда изделип жаткан 27 жаштагы жарандын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-июлда Ак-Буура дарыясынын боюнан сөөгү табылган ОшМУнун студентинин 27 жаштагы жигитинин сөөгү ошол эле каналдан табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, 28-июнда дайынсыз жоголгон 27 жаштагы А. уулу Б.нын унаасы менен кийимдери Кара-Буура - Араван каналынын жээгинен табылган.

Куткаруучулар жарандын сөөгүн бүгүн 09:58де аталган каналдан табышып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эскерте кетсек, 28-июнда Ош шаарынын Курманжан-Датка кичирайонундагы Ак-Буура дарыясынын боюнан 19 жаштагы кыздын сөөгү табылган.

Кийин кыздын өздүгү аныкталып, ал Баткен районунун тургуну, Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин 2-курсунун студенти Ш. к. А. экени такталды.

Азыркы учурда милиция кырсыктын бир катар версияларынын үстүндө иштеп жатат. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий