• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Сууда кайнатасынын өлүмүнө шектелип күйөө баласы кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Ош облусун Кара-Суу районунда кайната жана кайненесине бычак сайды делип күйөө баласы кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыганан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Кара-Суу райондук милициясына 7-апрелде болжол менен саат 00:40тар чамасында 44 жаштагы Ж.Р. жана анын жубайы 43 жаштагы Ж.Н. денелеринен белгисиз курч нерсенин кесепетинен жараат алганы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган маалымат электрондук журналга катталган.

Милициянын ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге жөнөтүлгөн. Анда 6-апрелде Нариман айыл өкмөтүнүн Р.Ж. аттуу тургунунун үйүнө анын 30 жаштагы А.А. аттуу күйөө баласы балдарын көрүү максатында барган. Кайнатасы аны киргизбей койгондуктан экөө уруша кетип, А.А өзүнүн үйүнөн жубайын коркутуу үчүн алып келген ашкана бычагы менен кайнатасын сайып жиберген.

Бычак Р.Ж.нын далысына эки жолу, көкүрөк тарабына үч жолу, сол колуна үч жолу, моюнуна бир жолу, ичине бир жолу сайылган. Ошондой эле аларды ажыратып жаткан Ж.Н. аттуу кайненеси ич тушуна эки жолу бычак жеген.

Окуя болгон жерден бычактын сынган сабы, кан үлгүлөрү алынган.

Кечээ, 7-апрелде саат 04:30дар чамасында денесинен алган жаракатынан улам Р.Ж. ооруканада каза болгон.

Аталган факты боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлөмүнүн 4-пункту менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Шектүү кармалып, 7-апрелде Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий