• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Сууда каналдан суу ашып, 10 үйдүн короосун каптады (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 04.05.18. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл аймагынын Октябрь айылында “Коңурат” каналынан суу ашып, болжол менен 10 турак-үйдүн короосун суу каптады,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-майда болжол менен саат 04:00дө суу ашкан.

Турак үйдүн жер төлөөсүндөгү сууну сордуруу үчүн саат 09:10до КР ӨКМнин Кара-Суу райондук №25 аскерлештирилген өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда каналдын суусу азайтылган, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий