• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Сууда каналга аял эки кызы менен кулап түшкөн. Кыздардын кичүүсү табыла элек

Кырсык 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр каналына 24 жаштагы И.М. аттуу аял киши эки кичинекей кызы менен түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Куткаруучулар жерине жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан аялды жана болжол менен үч жаштагы кызды суудан аман-эсен чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми болжол менен бир жарым жаштагы кызды издөө иштерин жүргүзүү үчүн жерине 13 куткаруучу, 11 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылды.

27-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий