• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Сууда каналга түшүп кеткен 1,5 жашар наристенин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Кара-Сууда каналга түшүп кеткен 1,5 жашар наристенин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-сентябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы Тойчу айылында 1997-жылы туулган И.М. аттуу аял 2018-жылы жана 2020-жылы туулган кыздары менен Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен.

Жергиликтүү тургундар тарабынан аял жана анын 2018-жылы туулган кызы суудан аман-эсен чыгарылып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берилген.

27-сентябрь күнү издөө иштеринен натыйжа болгон жок.

Бүгүн, 28-сентябрь күнү жерине кызды издөө иштерин улантуу максатында ӨКМден 16 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылган.

Издөө иштердин натыйжасында саат10:50дө куткаруучулар тарабынан 1,5 жашар кыздын сөөгү табылды. Кыздын сөөгүн туугандарына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий