• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Сууда каналга түшүп кеткен 10 жашар кыз изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Кара-Сууда каналга түшүп кеткен 10 жашар кыз изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-июлда Кара-Суу районунун Ак-Терек айылында 2012-жылы туулган Т. кызы Н. Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМден 5 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 18 адам тартылган.

Издөө иштери кеч киргенине байланыштуу убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок. Бүгүн, 26-июль күнү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий