• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Сууда каналга түшүп кеткен наристени издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Кара-Сууда каналга түшүп кеткен наристени издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-сентябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы Тойчу айылында 1997-жылы туулган И.М. аттуу аял 2018-жылы жана 2020-жылы туулган кыздары менен Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен.

Жергиликтүү тургундар тарабынан аял жана анын 2018-жылы туулган кызы суудан аман-эсен чыгарылып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Бүгүн жерине экинчи кызды издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 16 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылды.

Издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий