• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кара-Сууда каналга түшүп кеткен жаш бала изделүүдө

Аймак 0

Бишкек. 29.05.19 /Кабар/. Кара-Суу районунда каналга түшүп кеткен 7 жашар бала изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 27-май күнү саат 23:00 чамасында Төлөйкөн айыл аймагында 2012-жылы туулган М.Н. аттуу жаш бала дайынсыз жоголгон.

Туугандарынын айтуусу боюнча бала Кайырма каналына түшүп кетиши мүмкүн экендигин билдиришип, издеп берүүнү суранышкан.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМ куткаруучулары жана милиция кызматкерлери тартылып, издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес.

29-май күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий