• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кара-Сууда карактоого шектүү кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. КР ИИМдин Криминалдык милиция кызматы менен Ош ОИИБдин КМКнын ыкчам кызматкерлери карактоого шектелген мурда соттолгон төрт жаранды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 15-декабрь күнү болжол менен саат 02:30 чамасында, Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган 57 жаштагы жарандын үйүнө бет капчан белгисиз адамдар кирип, анын колун жана бутун “скотч” менен байлап сабашкан. Үйдү тинтишип, накталай 40 миң сом акча каражатын алып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен.

Жабырлануучу Россиянын жараны болот. Аталган факты боюнча КР Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту (Каракчылык) менен КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тартылып, каракчылык менен кол салууга тиешеси барлардын өздүгүн тактоого багытталган бардык зарыл болгон иштер жүргүзүлгөн. Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринин көңүлүн мурда соттолгон адамдар бурдурган соң, аларга карата ыкчам иштер жүргүзүлө баштаган.

Жакында ИИМ КМКнын жана Ош ОИИБнын кызматкерлери ыкчам иштерин жүргүзүү учурунда кылмышка шектүү катары адам өлтүрүү, денеге оор зыян келтирүү, бейбаштык менен мурда соттолгон төрт жарандын тиешеси бардыгын аныкташты.

Бишкек жана Чүй облусунун жашоочулары 33 жаштагы Ж.уулу Б., 42 жаштагы А.Н., 30 жаштагы А.А., 37 жаштагы Б.С. кармалды.

Аталган кылмышка шектүү жарандар башка кылмыштарга тиешеси бардыгы текшерилүүдө. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий