• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кара-Сууда кокустуктан каза тапкан кишинин өлүмү иликтенүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда 45 жаштагы жаран кокустуктан көз жумган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 8-февралда Кара-Суу районунун Учар айылынын 45 жаштагы С.Ж. аттуу тургуну белгисиз жагдайда башынан жарат алып, Ош шаардык ооруканасына түшкөндүгү боюнча маалымат түшкөн.

Аталган окуя боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 139-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө башталган.

Жабырлануучу оор абалда болгондуктан өзүнөн сурак жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. С.Ж. 15-февралда ооруканада алган жараатынан улам каза болгон.

"Алдын ала тергөөдө маалым болгондой, 7-февралда маркум өзүнүн алты досу менен бирге балалуу болгон досун куттуктап, отурушта болгон. Ал жерден эки досу менен чыгып бара жатканда бири-бирине чалынып жыгылган. Анда маркум башы менен цементтелген жерге куласа, экинчи досу бутун сындырып алган. С.Ж. өзүн жакшы сезип жатканын айтып, үйүнө кетип калган. Бутун сындырып алган досу ооруканага жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Маркумдун жубайы саат 23:00дөр чамасында кийими суу болуп, башы канаган абалда келгендигин айткан. Соолукканда ооруканага алып барабыз деп жаткырып коюшкан. Эртеси С.Ж. оор абалда болгондуктан ооруканага жеткиришкен.

Учурда маркумга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын чоо-жайын кылдат иликтөө боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий