• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Сууда контейнерден жасалган ашкана толугу менен күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Кара-Сууда контейнерден жасалган ашкана толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 8-май күнү саат 21:09дар чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ленин көчөсүндө “Самара” соода базарында жайгашкан аянты 28 чарчы метр болгон эки кабаттуу контейнерден жасалган ашкана толугу менен күйгөн.

Өрт саат 21:50дө толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий