• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кара-Сууда мамлекеттик кызматкерлер үчүн заманбап шаарча курулат (макет)

Аймак 0

Ош, 24.02.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл аймагына мамлекеттик кызматкерлер үчүн заманбап шаарча курулат.

Маалыматка ылайык, бюджеттик кызматкерлер үчүн пландалып жаткан көп кабаттуу турак үйдүн долбоору бүткөн. Курулуш иштерин жүргүзүүчү тарап курулуш иштерин баштоого даяр. Жерди трансформациялоо иштери аягына чыгып калды.

Буга чейин 6 кабаттуу заманбап үй курулары жана үйгө күндөн энергия алуу тутуму орнотулары айтылган. Көп кабаттуу үйдөгү батирлер жеткиликтүү баада бөлүп төлөө менен көп жылга берилет.

Дарыгерлер жана мугалимдер үчүн курулуп жаткан көп кабаттуу үйгө Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл башкармалыгынан 6 гектар жер бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий