• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Сууда маршрутканын дөңгөлөгүнүн алдында калган 5 жашар бала каза болду

Аймак 0

Ош, 28.09.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Учар айылында жол кырсыгы катталып, 5 жаштагы бала каза тапкан. Бул тууралуу Ош облусунун патрулдук милициясынан кабарлашты.

Жол кырсыгы кечээ, кечки саат 20:00 катталган. “Мерседес-Бенц 380” үлгүсүндөгү маршрутканын айдоочусу 1991-жылы туулган И.Н., аттуу жаран кошунасынын 5 жашар баласы менен бирге желимдөөчү жайдан келе жаткан.

“Экспертиза айдоочунун мас абалында болгондугун көрсөттү. Айдоочунун айтуусуна караганда, бала эшикти ачып, кокусунан кулап кетип, дөңгөлөктүн алдына кирип кеткен”,-деп айтылат маалыматта.

Алган жараттарынан улам бала кырсык болгон жерден каза болгон. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий