• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Сууда мектеп толугу менен күйүп кетти – сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Маданият айылында 2-мартта саат 18:28дер чамасында мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Султанов көчөсүндөгү №42 орто мектебинин жыгач устундуу шифер жабылган 262 чарчы метр чатыры жана 212 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 20:15те өрт толугу менен өчүрүрүлгөн.

Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий