• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Сууда милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү

Аймак 0

Бишкек, 28.02.21. /Кабар/. Кара-Суу районунда өткөн “Бирдиктүү алдын алуу күнү” иш-чарасы учурунда милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирет.

Маалыматка ылайык, 25-февралда Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагында жалпы билим берүү мекемелериндеги окуучулар арасында укук бузуучулуктун алдын алуунун бирдиктүү күнүн өткөрүү жана укук бузуучулукту алдын алуунун кошумча чараларын күчөтүү максатында Сарай айыл аймагында “Бирдиктүү алдын алуу күнү” иш-чаралары өткөрүлдү.

Иш-чарага Ош ОИИБдин начальнигинин орун басары, милициянын полковниги А. Алимкулов жана К. Султанов атындагы Кара-Суу РИИБдин начальниги, милициянын полковниги Б. Акунбеков жана Кара-Суу РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, билим берүү мекемелеринин соцпедагог мугалимдери, Сарай айыл аймагынын эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы жана айыл башчылар катышты.

Иш-чаранынын жүрүшүндө Сарай айыл аймагында жайгашкан билим берүү мекемелеринин окуучуларынын ата-энелери менен жогорудагы кызмат өкүлдөрү жолугушууларды өткөрүштү.

Ошондой эле жогорку класстарга укук бузуучулуктун, кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, опузалап талап кылуу, мектеп рекетчилиги, топтошуп мушташуулардын алдын алуу максатында аңгемелешүүлөр окуучулар арасында кеңири жеткирилди.

Кара-Суу РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана ошол эле кызматтын кызматкери милициянын капитаны Эсен Сапаров Сарай айыл аймагынын жашоочуларынан демөөрчүлөрдү таап, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн турмуш шарттары оор үй-бүлөлөрдү алдын ала тактап, 37 жашы жете элек өспүрүмдөрдүн үй-бүлөсүнө азык-түлүктөр жана акчалай жардам көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий