• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Сууда милиция кызматкерлери коомчулук менен бирге аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүүдө

Аймак 0


Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунун милиция кызматкерлери коомчулук менен бирге аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 17-февраль күнү А.К.Султанов атындагы Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери райондогу мекеме уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте укук бузуулардын алдын алуу боюнча “Бирдиктүү алдын алуу күнүн” өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө анын катышуучулары Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл аймагындагы айыл башчылардын коштоосунда ар бир үйгө киришип, калктын жашоо шарты менен жакындан таанышып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына материалдык жардамдар көрсөтүштү.

Адатка айланган ар шаршемби күнү өткөрүлүүчү “Укук бузуулардын алдын алуу күнүн” өткөрүү учурунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары мектепке барууда кийим-кече жана башка нерселерге муктаж экендиктери байкалгандыктан Кара-Суу РИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштешүү инспекциясынын кызматкерлери бул көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдорун издешип, жардам берүүгө даяр ишкерлерди табышкан жана аларга даректүү жардам көрсөтө башташкан.

“Милиция кызмткерлеринин мындай камкордугу коомчулук тарабынан жактырылып, жардамга муктаж болгон балдарга кайрымдуулук колун сунгандардын саны арбып барууда. Бул күнү үй-бүлөлүк шарттары оор болгон 25 үй-бүлөгө материалдык жардамдар көрсөтүлдү. Атап айтканда, 12 кыз балага, 8 эркек балага мектеп формалары, китеп салуучу сумкалар, андан сырткары турмуш шарты оор болгон үй-бүлөлөргө 100 кг ун, 30 литр суу май, 20 кг күрүч, 25 кг макарон, 25 кг картошка, 25 кг сабиз, 20 даана май, 20 даана каймак, 20 кг кумшекер, 20 кг коюлтулган сүт тапшырылды. Ошондой эле, көйгөйлүү маселелер боюнча кайрылуулар жеринде иш алып барып жатышкан көчмө кабылдама аркылуу каттоого алынып, тийиштүү кызматтарга жөнөтүлдү”,-деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айыл аймактарында А.К.Султанов атындагы Кара-Суу РИИБдин МУУнун кызматкерлери тарабынан эл алдында отчет берилип укук бузуучулуктун, кылмыштуулуктун, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча баяндамалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий