• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кара-Сууда милиция укук бузуулардын алдын алуу боюнча өспүрүмдөрдүн оюн укту

Аймак 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө испекциясынын инспекторлору тарабынан Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл аймагында “Бирдиктүү алдын алуу күнү” иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага билим берүү бөлүмү, эмгек жана социалдык коргоо бөлүмү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Бирдиктүү алдын алуу күнүн өкөрүүнүн максаты 2021-2022-окуу жылына карата жалпы билим берүү мекемелерендеги окуучулар арасында укук бузуучулуктун алдын алуу жана болтурбоо үчүн кошумча чараларды күчөтүү болуп саналат.

"Бул багытта өспүрүмдөргө ар кандай терс көрүнүштөргө тартылбоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана жасаган кылмыштуулуктун жоопкерчилиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми мектеп окучуларынан “Өспүрүмдөр улуулардан кандай мамиле күтүшөт?” деген суроонун айланасында сунуш-пикирлер алынды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, бул багытта иш алып барууну жакшыртуу үчүн бирдиктүү алдын алуу күнүнүн алкагында “Милиция-жаштардын көзү менен” аттуу аталган айылдын мектеп окуучуларынын ортосунда иш-чара уюштурулуп, анда окуучулар милиция кызматкерлерине болгон көз карашын баяндаган сүрөттөрдү тартып, ал боюнча баяндама жасашты.

Ошондой эле өспүрүмдөрдүн тарбиялык маанидеги иш-чарага катышкан жалпы окуучуларга “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду тарабынан белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий