• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Сууда милициянын көчмө кабылдамасы калкка түшүндүрүү иштерин улантууда

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Кара-Суу районунун аймагында милициянын көчмө кабылдамасы калкка түшүндүрүү иштерин улантууда. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө жана милициянын участкалык уполномоченныйлары милициянын көчмө кабылдамалары менен 2022-жылдын 15-февралында Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагына караштуу Гайрат айылында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ак-сакалдар сотунун өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Кызматкерлер айылдарга барышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйлүү маселелерин жеринде угуп, чечүү багытында иш алып барышууда.

Аталган иш-чарада жарандар тарабынан турмуш тиричиликке байланышкан көйгөйлөр айтылып, 40 жаран юридикалык кеңештер менен кайрылышып, милиция кызматкерлери тарабынан оозеки юридикалык жардамдар берилди.

Укук бузуулардын алдын алуу максатында көчмө кабылдама менен түшүндүрүү иштери башка райондордо да улантылууда.

Мындан ары бекитилген графикке ылайык, милициянын көчмө кабылдамасы Ош облусунун башка аймактарында да иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий