• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Сууда өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Кара-Суу районунун Нариман айылындагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунун аймагындагы “Альфа-Ойл” күйүүчү май сактоо базасында өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, машыгуунун максаты өздүк курамдын практикалык билим деңгээлин жорулатуу жана ар кандай мүнөздөгү өрт кырсыктарын өчүрүүнүн ыкмаларын үйрөтүү менен күйүүчү май сактоочу базада иштеген кызматкерлерден түзүлгөн өрт кошуундарынын учурунда жасаган иш аракеттерин талдоо болуп саналат.

Өрттүк тактикалык машыгуулар ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын 2021-жылга карата түзүлгөн пландын негизинде өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий