• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Сууда сууга боюн таштап, каза болгон кыздын өлүмүн милиция иликтей баштады

Кырсык 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Кара-Суу районунун Төлөйкан айылында 25-март күнү болжол менен саат 18:57де 25 жаштагы кыз Ак-Буура суусуна кулап түшүп, каза болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди..

Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, каза болгон жарандын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы кыз өзүн-өзү өлтүргөнүн маалымдады.

Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 136-беренеси ("өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен Кара-Суу райондук ИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бириктүү реестрине катталган.

Маркум Т.З. Россия Федерациясынын жараны, улуту кыргыз, 2020-жылдын май айында ОшМУ медицина факультетинин 6-курсун аяктап, 2020-жылы октябрда РФнын Тюмень облусунда жашаган ата-энесине кетип, 2021-жылдын 24-март күнү саат 04:30да Москва шаарынан кайтып келген.

Пикир

Оставить комментарий