• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кара-Сууда сууга чөгүп кеткен өспүрүм изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Кара-Сууда сууга чөгүп кеткен өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 31-майда Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы Шаркансай суусуна 2006-жылы туулган эркек бала түшүп кетип, Өзбекстандын аймагына агып өтүп кеткен. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Өзбекстандын аймагында издөө иш-чараларын жүргүзүп берүү боюнча кат жолдонгон.

3-июнь күнү Өзбекстандын ӨКМнин 4 куткаруучусу саат 06:30да Андижан облусунун Коргон-Төбө районундагы “Түштүк Фергана” каналына издөө иш-чараларын жүргүзгөн, бирок натыйжа болгон эмес.

Бүгүн, 4-июнда издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий