• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кара-Сууда сууга түшүп кеткен адамды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 15.05.18. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Эрин айылынын "Савай" каналына кечээ, 14-майда жергиликтүү тургун түшүп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, сууга түшүп кеткен 49 жаштагы эркек кишини издөө үчүн милициянын 5 кызматкери, 6 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган. Азырынча издөө иштеринен жыйынтык жок.

“Издөө иштери бүгүн улантылат”,-деп кабарлашты ӨКМден.

Белгилей кетсек, нөшөрлөп жааган жаандан улам дарыялардагы суулардын деңгээли көтөрүлүп, өлкөнүн түштүгүндө сел жүрдү.

Алсак, 14-майга карата Баткен облусунун Лейлек районунда жана Жалал-Абад облусунун Аксы районунда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилип, тилсиз жоонун алдын алуу иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий