• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Сууда тамакка ууланган 2 аял каза болду. Бирөөнүн абалы өтө оор

Ден соолук 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда буга чейин 10 адам тамак-ашка ууланып ооруканага жаткырылганы айтылган.

Ооруларды алдын алуу мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин 11-март саат 14:30га карата маалыматына ылайык, Ош облусундагы стационарга жалпы 13 бейтап жаткырылган. Алардын ичинен 50 жана 58 жаштагы аялдар каза тапты.

"Учурда Ош облустар аралык бириктирилген оорукананын реанимация бөлүмүндө бир бейтап жатат. Анын абалы өтө оор деп бааланууда. Ал жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган", - деп айтылат маалыматта.

Калган 10 бейтап Кара-Суу аймактык ооруканада дарыланууда. Алардын абалы канааттандырарлык, оор.

Мындан сырткары, дагы 15 адам үй-бүлөлүк дарыгердин көзөмөлүндө.

Санитардык-эпидемиологиялык изилдөө уланууда.

Эскерте кетсек, жабыркагандар 6-мартта 60ка чыккан тууганынын үйүндө конокто болгон. Алар үйдө жасалган консерваланган азыктарды (салат, компот, кыям) жешкен.

Пикир

Оставить комментарий